www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген толкундоолордун үчөөнө тең элдин адилетсиз шайлоого карата нааразылыгы себеп болгонун бүгүн, 27-мартта мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен өткөргөн ишембилик учурунда айтты.

Ал аппарат кызматкерлери менен өлкөдөгү абал жана келерки шайлоолор тууралуу баарлашып, бул өнөктүктөрдү таза жана ачык өткөрүүнүн маанисин белгилегенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров шайлоону калыс жана таза өткөрүү тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин белгиледи.

Жапаров өлкөнү 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан бери жетектеп келе жатат. Ага чейин Кыргызстанда 2005-жылы жана 2010-жылы бийлик алмашкан. Быйыл 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү жатат, парламенттик шайлоо күзүндө болору айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости