www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банкта отуз жылда 16 тонна алтын чогулса, үч жылда 35 тонна алтын кошулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономиканын өсүшүнө, инфляциянын төмөн кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң.

"Жалпы эл аралык резерв бүгүнкү күнгө 3 миллиард 491 миллион долларга жетти. Көз карандысыздыгыбыздан бери 2020-жылга чейин эл аралык резерв болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон. Бүгүнкү күндө Улуттук банк 1 миллиард 67 миллион долларды үч жылда эле үстүнө кошту", — деген мамлекет башчы.

Ошондой эле президент алтындын запасы боюнча да айткан.

"Улуттук банкта 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган. Бүгүнкү күндө 51 тоннага жетип, үч жылда 35 тонна кошулду. Айырмасын карагыла", — деген мамлекет башчы.

Мындан сырткары ал Улуттук банктын туура саясат жүргүзүп, инфляциянын деңгээли 5,2 пайызга түшкөнүн, бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости