www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу, вице-премьер министр Сердар Бердымухамедовго өлкөнүн мунайгаз комплексин көзөмөлдөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүк "Нейтральный Түркмөнстан" гезити билдирди. 

Түркмөнстан жаратылыш газынын ири запасына ээ жана газ жеткирүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Углеводород сатуу менен өлкө бюджетинин негизги кемтиги толукталат. Crude Accountability уюмнун баяндамасына ылайык, экспорттон түшкөн акчанын 80% көмүскө экономикага, анын ичинде президент Бердымухамедов менен анын үй-бүлөсүнүн жеке бюджетине түшөт.

Бир нече жылдан бери бюджеттин кирешеси төмөндөөдө, өлкө өтө оор экономикалык каатчылыкка кептелүүдө. Бирок жетекчилик муну мойнуна ала элек. Быйыл февралдан бери өлкө экономикасы үчүн кенже Бердымухамедов жооп берүүдө. Ал атасынын орун басары болуп атайын түзүлгөн кызматка дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости