www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-майда, Астана шаарында (Казакстан) V Евразия экономикалык форумунун катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Конгресс-борбордун имаратында Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алды.
Ошондой эле иш-чарага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян келишти.
Мындан тышкары форумга Кубанын Вице-президенти Сальвадор Меса, Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен иштетүү жана соода министри Сейед Атабак, Вьетнамдын Вице-премьер-министри Хо Куок Зунг, Монголиянын Вице-премьер-министри Нямтайширын Номтойбаяр жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди катышты.
Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин катышуучулар Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынын өткөрүү үчүн залга өтүштү.
Белгилей кетсек, V Евразия экономикалык форуму “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо”деген теманын алдында өтүүдө.