www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров эртең, 27-январда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен уюштурулуп жаткан «Индия—Борбор Азия» видеоконференция форматындагы саммитке катышат.
Анын жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.
Саммитке Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев да катышат.
Быйыл Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот.
Булак: NazarNews.kg