www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) жана курулуш тармагындагы саясат боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Айрым сын-пикирлерге жооп катары президент Садыр Жапаров бул багыттагы мамлекеттик саясаттын негизги максаттарын жана кабыл алынган чечимдердин жүйөсүн түшүндүрүп берди.
Президент белгилегендей, курулуш иштерине байланыштуу Каныбек Туманбаевге карата айтылган “жалгыз ал гана пайда көрүп, курулушту өзү жүргүзүп жатат” деген “жеке кызыкчылык” тууралуу дооматтар негизсиз. Анын айтымында, эгер жеке компаниялар турак жайларды азыркы сунушталып жаткан баада куруп бере алса, мамлекет мындай демилгелерге ачык. Бирок буга чейин чакырылган ири курулуш компаниялары 1 чарчы метр үчүн 900 доллардан төмөн баада иштөөдөн баш тартышкан. Натыйжада мамлекет өз алдынча компания түзүп, жеткиликтүү баада иш жүргүзүүгө аргасыз болгон.
Өзгөчө көңүл бурулган багыт катары ипотекалык системанын реформасын айтсак жарашат. Мурда жарандар банктар аркылуу 14% үстөк менен насыя алууга мажбур болуп, кирешеге салыштырмалуу оор жүккө туш болушкан. Анткени эгер айлыгың 16 000 сом болсо, ипотекага 24 000 сом төлөшүң керек болчу. Учурда айлык 70-80 миң сомго көтөрүлүп, ипотека 25 жылдык мөөнөткө 4% менен сунушталып, жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүнө ылайыкташтырылды. Мындай өзгөрүү калктын турак жайга жетүүсүн кыйла жеңилдетет.
Ошондой эле быйыл 20 миңге жакын жаранды турак жай менен камсыз кылуу планы коюлган. Бул көрсөткүч мамлекеттик социалдык саясаттын активдешкенин жана курулуш тармагындагы масштабдуу иштерди айгинелейт.
Баанын түзүлүшүнө байланыштуу талаш-тартыштарга токтолгон мамлекет башчысы кошумча 250 доллар инфляциялык факторлорду жана долбоордун узак мөөнөттүү туруктуулугун эске алуу менен кошулганын белгиледи. Бул чара компанияны финансылык тобокелдиктерден сактоо жана долбоорлордун үзгүлтүксүз ишке ашуусун камсыз кылуу максатын көздөйт.
Жыйынтыктап айтканда, мамлекеттик ипотекалык саясаттагы өзгөрүүлөр жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган системалуу кадам катары бааланууда. Өкмөттүн бул багыттагы аракеттери рыноктогу бааларды тең салмактап, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.