www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Амур облусунда көп сандаган адамдардын өмүрүн алган жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына алар үчүн бул орду толгус жоготууга көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм», — деп айтылат телеграммада.

Орусиянын Амур облусундагы Тында шаарына жакын аймакта Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак кыйрады. Маалыматтарга караганда, ичинде 49 адам, анын ичинде 43 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Орусиялык маалымат агенттиктери алардын бири дагы аман калбаганын жазышкан.

Последние новости