www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны болуп өттү. Ал 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер боюнча айтып берди.

Мамлекет башчысы жетинчи чакырылыштагы парламентте кайсы партиялар менен кызматташууга даяр экендиги тууралуу суроого да жооп берди.

"Парламент кандай гана болбосун, өз милдеттерин аткарып, ишин бир жылга узартып, Конституцияга ылайык мыйзамдарды кабыл алды. Кечээ акыркы жолу гана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Бул чакырылыш өзүнүн миссиясын аяктады, алар жакшы иш кылды деп айтышым керек. Келечектеги чакырылышка кайсы партиялар келээрин билбейм, көзү ачык эмесмин. Мен бул маселени талдай элекмин жана ага кызыкпайм да. Канча партия келсе да, жада калса оппозиция да, мен алар менен иштешем", - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости