www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик аяктады, деп билдирди президент Садыр Жапаров 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр уланууда, деди ал.

Президент чек араларды бекемдөө максатында чек арачылардын штаты көбөйтүлгөнүн, Коргоо министрлиги кайра түзүлгөнүн айтты.

Ош шаарында чек арачыларды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн үч көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады. 2022-жылы дагы алты көп кабаттуу үй курулат, деп убада берди Жапаров.

Президент, ошондой эле, куралдуу күчтөр үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражатты көбөйтүү пландалууда деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости