www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент ооган кыргыздарын качан көчүрүп келээрин айтты

Кыргызстан Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында "Азаттыктын" журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Ооганстандагы кыргыздар бизге келебиз деген оюн айтты, кайрылды. Тажикстанга малы менен кирип, бизге келебиз дегенде, дароо кабыл алууга даярбыз деп билдирдик. Бирок Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда үчүнчү өлкөгө өткөрүп бербөө тууралуу келишим бар экен. Ошондуктан артка кайтты. 300дөй үй-бүлө бар экен, аларды эки жылдан кийин алып келебиз. Кийинки жылы үй-жайларын бүтүрүшүбүз керек”.

Быйыл жай айында Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыз Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан, бирок Дүйшөмбү: “Кабул алардын коопсуздугуна кепилдик берди”, - деп, аларды артка кайтарган.

Август айында "Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Памирдеги кыргыздар да алардын башкаруусуна өткөн.

Азыркы Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштады. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин бир нечеси Ооганстанга кайра кайтып кеткен.

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарчанын курулушуна капсула салган. Шаарча үчүн Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди куруу үчүн 30 гектар жер трансформацияланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости