www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Орусиянын бир нече мектептери боюнча кызматташуу келишимдерине кол коюлду. Иш-чара орус тилдүү мектептердин директорлорунун форумунун алкагында Токтогул атындагы филармониянын кичи залында өттү.

Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов келишимдердин кабыл алынышы эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын кызматташуусу үчүн атайын негиз болуп берээрине ишенгенин билдирди. Кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон мектептердин тизмеси:

Ысык-Көл облусундагы К.Үсөнбеков атындагы №2 орто мектеп (директору Назгүл Ибраева) жана Пенза шаарындагы №42 гимназия (директору Татьяна Сионова);

Баткен облусундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектеп (директору Анарбек Садыков) жана Курск шаарынын №58 орто мектеби (директору Татьяна Сорокина);

Нарын облусундагы №7 мектеп-гимназиясы (директору Азат Кадыралиев) жана Москва шаарындагы "Москва эксперименталдык мектеби" спорт жана билим берүү борбору (директору Майя Малышева);

Жалал-Абад облусундагы А.Макаренко атындагы №1 мектеп-гимназиясы (директору Гүлнара Эргешова) жана Москва шаарындагы № 830 мектеп.

Кол коюлган келишимдердин алкагында бул мектептер орус тили жана адабияты боюнча долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу боюнча кызматташат.

Белгилей кетсек, орус тилдүү мектеп директорлорунун форуму 21-октябрда башталып, иш-чара эки күнгө созулду. Аны Орусия элчилиги менен Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги уюштурган. Форумда окуу процессин уюштуруу, өлкөдөгү мектептерде орус тили боюнча балдардын билимин өнүктүрүүнүн келечеги, Орусиядан гранттык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости