www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо иштерине аралашкан аким жумуштан алынат

Эгер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдыдагы парламенттик шайлоого аралашса, анда токтоосуз түрдө кызматтан алынат.

Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда, президенти Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда жеке блогер Жамиля Насированын “Урматтуу президент мырза, Кыргызстанда үч революция тең шайлоодон улам болгон. Бирок бул ирет да шайлоого аттанган партиялардын алтоосу бийликчил деген сөздөр айтылып атат...”, - деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Ооба, туура айтасыз, Кыргызстанда үч революция тең шайлоодон улам болду. Мындан ары андай болбойт жана шайлоо таза өтөт. Мен шайлоочуларга кайрылып кетким келет, бийликтин партиясына добуш бербей эле койгула. Ал эми кайсы бийлик өкүлү шайлоого аралашса, токтоосуз түрдө кызматтан алынат. Мына, азыр мага бир аким бир мандаттуу округдан чыккан талапкерге иштеген экен, аны дүйшөмбү күнү жумуштан алабыз”,- деди мамлекет башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости