www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Болот Купешов эки жумадан бери аймактарды кыдырып жүрүптүр. Мектептерге барып, мугалимдер менен учурашып, бирок алты айдан бери чеке жылытаарлык иш болбогондуктан, куру кол конокко келген кишидей болуп, “айлык көбөйөт” деп айта албай, жаркын өзгөрүүлөр болоору боюнча ишендирүүгө тили барбай, же “окуучулардын китеп маселесин чечем” деп айта албай, ал-жай, ден соолук сурагандан башкага жарабай, мугалимдер болсо тирүү министрди биринчи көргөнүнө сүйүнүп, суроолор менен министрдин башын оорутпай, колдорунан келген сыйын көрсөтүп узатып жаткан экен.

Билим берүүнүн, илим маселелери чачтан көп болуп жатканда министр Болот Купешов бейкапар турист болуп жер кыдырып жүргөнүнө жол болсун. Таянганы күчтүү Болот Купешов Акүй-Көкүйдөгү кураторлорун тоготпой, алар менен эсептешпей, өз каалаганын жасап, билген намазын окуй берет тура, - деп жазат Азия News гезити.

Булак: Азия News гезити

Последние новости