www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бектур-мырза, бүгүнкү күндө сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн кандай маселе бар?

- Жакшыбы-жаманбы, биз көз карандысыз мамлекетке жеткенибизге 30 жыл болду. Бир муун алмашты да. “Биз канчалык коррупцияга баттык, кайсы бир кошуна мамлекеттен артта калдык” деген менен, эбегейсиз чоң жетишкендиктер бар.

Патриоттук сезимдин калыптануусу, адамдын өзүн-өзү таануусу, мамлекеттүүлүк деген түшүнүктүн ар бир адамдын жүрөгүнө сиңгени. Кыргызстан биздин Борбор Азия же КМШ өлкөлөрүнүн арасында аң-сезимдин өнүгүүсү боюнча алдыга озуп чыккандардын сап башында экени айтпасак да түшүнүктүү эле.

Тилекке каршы, акыркы жылдары быт-чытын чыгарып баратканыбыз, Кыргызстан бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдү кубалап, авторитаризм режимине өтүүгө кам урганыбыз – менин жүрөгүмдү өйүтөт. Биз үчүн бул эң чоң маселе. Өзгөчө кыргыз эли эркин, тең укуктуу, демократиялуу өлкө болмоюнча алдыга өсүп-өнүгүп кетүү кыйынга турат.

- Кыргыздар дүйнөнү эмнеси менен таң калтырса болот?

- Таң калтыра турган жактарыбыз көп. Ансыз деле кыргыздарды дүйнөлүк коомчулук демократия, адам укугу, өзүн-өзү сыйлай алган, улуттун иденттүүлүгүн аңдай алган, кадыр-барктуу эл катары тааныйт. Бул жагдай коңшу өлкөлөрүбүзгө салыштырмалуу бир тепкич өйдө тураарыбызды башка элдер таң калуу, суктануу менен баалашат. Биз дагы эмне менен дүйнөнү суктандыра алабыз?

Мамлекетти коррупциядан арылтып, цивилдүү өлкө куруп, акыркы убакта спорттогу жетишкендиктерибизди токтотпой, андан ары да жылдырып, Парижде өтө турган олимпиада оюндарында чемпиондорду жарата алсак жана маданият тармагындагы алдыга жылган ийгиликтерибиз токтобосо, дүйнө эли таң калат.

Мындан сырткары, мамлекеттин ээси эгемен эл экенин ааламга даңазалай алсак, андан бетер сонун болмок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости