www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эмоцияга алдырып, өзүнүн билдирүүсү менен оюн коомчулукка жеткире алган жок”, - деди президент Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйындын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Анын айтымында, ал Эдил Байсалов катышкан талкууну көргөн. “Ал эмоцияга алдырып, өз оюн туура жеткире алган жок. Буга чейин өкмөт жалаң гана депутаттарга иштеп келген. Байсалов эми министрлер кабинети парламентке эмес, элге иштей тургандыгын айткысы келген”, - деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата-мекендик маалымат каражаттарынын биринде болгон талкууга катышып, анда ал - “парламент түзүлгөндөн кийин министрлер кабинети президенттин саясатын колдой турган депутаттар менен гана иштешээрин” айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости