www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин Регламентине өзгөртүү киргизди. Мыйзам 18-сентябрда расмий жарыяланып, ошол күндөн тарта күчүнө кирди.

Өзгөртүүгө ылайык, президенттин кезектеги шайлоосу мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылы январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.

Шайлоону дайындоо милдети Жогорку Кеңешке жүктөлүп, парламент шайлоону добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирбестен дайындоого тийиш.

Президенттик шайлоонун күнүн дайындоо маселесин Жогорку Кеңештин келерки жумадагы жыйынында кароо күтүлүүдө.

Последние новости