www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусуна жана ачык, ишенимдүү маанайда өткөн мазмундуу жолугушуу үчүн ыраазычылыгымды билдирем, деген пикирин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы билдирди. 

--- Жолугушууда биздин элдин өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө болгон жалпы умтулуу бириктирип турганы баса белгиленди. Биздин өлкөнүн Президенти Шавкат Мирзиёев эң жакын коңшубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз Кыргызстан менен болгон мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берет.

Мунун баары чек аралар боюнча ийгиликтүү макулдашуулар, улуттук ID документтерин таануу, биргелешкен ишканалар жана Камбар-Ата ГЭС-1 менен Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу орто долбоорлор аркылуу дагы бир жолу тастыкталууда.

Жолугушуунун алкагында өлкөлөрүбүздө өткөрүлүп жаткан «Заковат» интеллектуалдык оюндарынын турнирлери да белгиленип өттү. Бул жаштардын достук байланышын чыңдоого өбөлгө түзгөн абдан ийгиликтүү долбоор экени баса белгиленди.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда кылымдар бою калыптанган бир туугандык жана жакын коңшулук мамилелери бар. Биз аларды баалайбыз жана мындан ары да чыңдай беребиз, деп кошумчалаган ал. 

Последние новости