www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданын бузуп, ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырган эле. 

Бул жагдай коомчулукта ар кандай өңүттө талкууланып, түрдүү көз караштар айтылды. 

Айрымдар, туура чечим болгонун айтышып, үйү жок кыйналып жүргөндөр, жеңилдетилген шарт менен үйлүү болуп калышат деп колдоп жатышса, кээ бирлер "Ак кула" ат майданын жок кылып салуу акылга сыйгыс иш болоорун белгилеп жатышат. 

Буга мисал катары тарыхый имарат катары саналган "Ысык-Көл" мейманкансын буздуруп, талкалап салган көрүнүш чоң сабак экенин жүйөө келтиргендер арбын. 

Чынында, президенттин иш башкармалыгы майлуу-сүттүү деген жерлердин баарын өздөрүнө өткөрүп алышып, архитектура курулуш агенттигинин ролун аткарып калды. 

Мына, буга дейре 47-абакты көчүрүп жерин алышты. Күйүп кеткен башкы прокуратуранын ордун, "Ысык-Көл" мейманкансын  жерин, айтор кызарган жердин баарына өздөрүнүн карамагына өткөрүп, курулуш иштери менен алек. 

Эми болсо, 57,4  гектар "Ак-Кула" ат майданын жерине көз артып, "сугунганы" турушат. Болгон шылтоо, ипподром авариялык абалда экен... 

Чындыгында ат майданды буздуруп, жерине үй салуу маселе чечпейт. Бүтүндү бүлдүргөн оңой, куруу кыйын. Жаңы ипподром кайда, качан курулат айтуу кыйын. Шаардыктар ат оюндарын кайда барып көрүшөт деген суроо туулат.

Президентке ким кеңеш берип, 57,4 гектар жерге үй салып, миллионер болуп байыгысы келип жатты экен? Канткен менен өтө туура эмес көрүнүш...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости