www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару массалык иш-чарага беткапсыз катышканы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу че элдик басылмалар жазды.
Ал ишемби, 12-июнь күнү өзүнүн тарапташтарынын мотоциклдер жүрүшүнө катышкан. Президент сыяктуу эле жүрүштө болгон адамдардын көбү беткап тагынган эмес. Алар эмдөөдөн өткөн адамдарга беткап тагынбай койсо болот деп чуу чыгарышкан.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Болсонаруну колдоо акциясына 12 миң мотоциклчен киши катышкан. Сан-Паулу штатынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы коомдук жайларда беткап тагынуу эрежесин бузганы үчүн президентке 110 доллар айып салынганын билдирди.
Май айында да Болсонару Мараньяо штатындагы өзүнүн тарапташтарынын катышуусу менен өткөн митингде беткапсыз болгону үчүн айыпка жыгылган.
Булак: NazarNews.kg