www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар менен ирегелеш Улуу жүз Казакстанга 57 жылдан бери бийлик жүргүзүп келатат. Анын ичинде Кунаев 24, Назарбаев 30, Токаев 3 жыл. «Дүйнөдө эки жакшы көргөн элим болсо-бири кыргыз» - деген Назарбаев.

Казактар да кыргыздар сыяктуу эле «бектен, хандан кайра тартпаган» калк болот. СCCРдин убагында Горбачев башында турган бийлик буларга эмне деп, Кунаевди алып ордуна орус Геннадий Колбинди Казакстандын башына алып келишкен. Казак жаштары СССРдин тарыхында биринчи жолу 1986-жылы декабрда «Желтоксан» революциясын уюштуруу үчүн баш көтөрүшүп, Кремлдегилер кирерге тешик таппай калышкан. Ошонун желаргысы менен 1989-жылы Улуу жүз Нураке бийликке келет.

Комсомолдук, партиялык линия менен көтөрүлүп отуруп, 1979-жылы БКнын секретары, 1984-жылы премьер-министр болгон. Экономика илимдеринин доктору. Акылбек Жапаровго окшоп экономика илиминин докторун сатып алган эмес. Бүгүнкү Казакстан дүйнөдөгү өнүккөн отуз өлкөнүн катарын толуктаганы туру.

Нурсултан Назарбаев 2019-жылы Казакстандын президентинен баш тарткан. Бирок, саясаттан биротоло кетпей Нур-Отан партиясынын төрагалыгынын тизгинин мыкчып, президент Токаевге көз салып турган. Эми Нурсултан Назарбаев Нур-Отан партиясынын «эки чылбыр, бир тизгинин» Улуу жүздүн жалайыр уруусунан Токаевге бере турган болду.

Борбор Азияда президенттердин орун алмашуусу көптөгөн кыйынчылыктарга тушугары чындык. Кыргызстанда кызматынан түшкөн президент «эл душманына» айланып же чет мамлекетте жашаса же камалып келген. Өзбекстанда 2016-жылы президент Ислам Каримовдун көзү өткөн соң кызы Гүлнара Каримова камалып жатат.

Казакстанда Нурсултан Назарбаев өз каалоосу менен президентти өткөрүп берген. Ал 1990-жылдын 24-апрелинен Казак ССРинин президенти, ушул кезде СССРде бир топ республикалар биринчи катчыларын президент кылып шайлашат. Кыргызстанда ал кезде Апсамат Масалиевдин кадыр-баркы жогору болчу ал деле президент болуп шайланып алса болмок, бирок эмнегедир өзү КПСС БКнын Саясий боюросунун мүчөсү болгон Москваны карап убакыттан уттуруп койот.

Анткени, 1990-жылдын июнунда каргашалуу Ош жаңжалы чыгып кетип, анын кадыр-баркына ишенбөөчүлүк башталган да 1990-жылдын октябрында ага каршы өкмөт башчысы Апас Жумагулов менен Ысык-Көл-Нарын обком жетекчиси Жумгалбек Аманбаев коюшуп үчөө тең өтпөй калышып, президенттикти Акаев алып кеткен. 1991-жылдан тартып Нурсултан Назарбаев Казак Республикасынын президенти, ал 1999, 2005, 2011, 2015-жылдары президенттик шайлоолордо жеңишке жетишкен.

2019-жылы президенттик ордун өткөзүп жатып Казакстандын коопсуздук кеңешинин төрагасы жана Нур- Отан партиясынын төрагасы кызматын өзүнө калтырган. Бул орунга 2007-жылы отурган. Нурсултан Назарбаев СССР өлгөн соң жаралган мамлекеттерди бийликте турган боюнча рекодсмени эсептелет. Ал 1989-жылдын 22-июнунда Казакстан КП БКнын биринчи катчысы, 1990-жылдын 24-апрелинен 2019-жылдын 19-мартына чейин президент болуп же бийликте 29-жыл 8 ай, 26 күн дээрлик отуз жыл турган.

2010-жылы ага Казак Республикасынын туңгуч президенти -Элбашы наамы ыйгарылган. Ал президентти тапшырган соң Астана шаары Нур-Султан болуп которулган, Хоргос базары орун алган Нуркент да анын атынан, ал эмес Борбор Азиядагы эң чоң партия Нуротан да анын ысымынан коюлган. Нурсултан Назарбаев Казактын улуу жүзүнөн чапырашты уруусунан. Чоң атасы Назарбай бий болгон.

Назарбаевди бийликке алып келген Казак ССРин жыйырма төрт жыл башкарган Динмухаммед Кунаев 1912-жылы туулуп, 1993-жылы көз жумган. Кунаев көзү өтөр алдында Назарбаевге таарынып жүрүп көз жумган. Экөө тең Улуу жүздөн Нурсултан Назарбаев чапырашты уурусунан болсо, Динмухаммед Кунаев ойык уруусунан, бирок анын түбү казакка кошулган өзбек деген да кеп бар.

Бул эки Улуу жүздүн өкүлү Токаевди кошкондо үчөө Казакстанды дээрлик 57 жыл жетектешти, ал эми өкмөт башында Кунаев 1955-жылдан бери болуп, үзгүлтүксүз 66 жылдан бери Улуу жүздүн буту тая элек.

Андан мурункуларын эсептебей эле койолу. Назарбаев түбү тектүү Чыңгыз-хандан тараган бийлерден тараса, Кунаев кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Нурсултан Назарбаевдин ата-теги: Абиш, Назарбай, Едил, Кембаба, Мырзатай, Айдар, Көшек, Карасай, Алтынай, Ескожа, Малды-Ыстык, Чапырашты, Жалманбет, Байдибек. Бир туугандарынын ичинен1953-жылы туулган Болат Назарбаев Казакстанды көмүскө экономикасын колго алган «серый кардинал» деп жүрүшөт. Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Казак Республикасында Сенаттын төрайымы.

Нурсултан Назарбаевдин небереси баңгиликтин кулу болуп, өзүн токтото албай жарыкчылык менен кош айтышкан. Назарбаев Айсултан Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган.

Анын атасы Рахат Алиев кайынатасы Нурсултан Назарбаевден куугунтук жеп Европа жок кылынган. Назарбаев Айсултан 26-августта 30 жашка толмок. Анын энеси Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берген, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган. Назарбаев Айсултан 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген.

Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону айтылган. Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү жөнүндө «Хабар» телеканалы менен ой бөлүшкөн: «Сара экөөбүз 1962-жылы үйлөнгөнбүз. Дарига менен Динара Темиртау шаарында төрөлгөн, ал эми Алия Алматыда туулган. Үч кыздан сонун неберелерим бар – тилекке каршы, мага абдан окшош болгон бир неберебизден айрылдык. Мен бул неберемдин ушунчалык эрте кеткенине аябай өкүнөм.

Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок болчу, бирок аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал баңгиликтин кулу болуп калган, өзүн токтото алган эмес. Биз аны Москвада дарыладык, Лондондо дарыладык. Экинчи кызы Динаранын жубайы дүйнөдөгү эң бай миллиардер Тимур Кулибаев. Үчүнчү кызы Алияны Кыргыз президенти Аскар Акаев келин кылып алган.

Бирок Айлар Акаев экөөнүн никеси узак болгон жок. Эмки жолдошу — Димаш Досанов, «КазТрансОйл» ишканасынын президенти. Алиянын Алдияр деген уулу бар, мен аны аябай жакшы көрөм. Алдиярдын карындашы да төрөлдү. Азыр Дариганын кызы Венера кыз төрөдү. Бул менин чөбөрөм. Мен келгенде Алдияр мойнумдан кучактайт, «эмне алып келдиң» деп сурабайт. Мен анын шоколадды жакшы көрөрүн билем, мен ага бул жакты (чөнтөгүн көрсөтүп – ред.) кара дейм.

Ушундай учурларда сен баарын унутасың», – дейт тунгуч президент. «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жазгандай, бул келишимге Назарбаевдин токолу жана Назарбаев аркылуу миллиардерлер сабын толуктаган Владимир Ким жана Владимир Ни бар. Ал эми Назарбаевке келсек «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асел Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын аныктады.

Назарбаевдин жаш жубайы Асел Курманбаева жана «Улут лидери» жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган эмес. Анын Назарбаевдин «токолу» экени жөнүндө маалымат «Мисс Казакстан» сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилешкен.

OCCRP билдиргендей, Курманбаева — Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирмалар менен фонддордун ээси. Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон.

Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий берген эмес.

Белгилей кетсек, Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген. Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

Эске салсак, 2016-жылы «Панама кагаздары» долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген. Британ саясатчысы Жонатан Айткен 2009-жылы Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди мактаган китеби үчүн 166 миң фунт стерлинг алган. Бул тууралуу офшордогу купуя келишимдерди ашкерелеген “Пандора кагаздарында” айтылат.

Guardian басылмасы жазгандай, Айткенге калем акыны Казакстан өкмөтүнө иштеген пиар-компания купуя түрдө төлөгөн: "2010-жылы апрелде Жонатан Айткен Вашингтонго учту. Калп көрсөтмө бергени үчүн камалган экс-консерватор депутат жана министр АКШда өзүнүн кийинки китебинин бет ачарын өткөрдү. Ал китеп Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди мактаган биография болгон".

Ал сенаторлор менен дипломаттар алдында: “Биографтар ант сууну ичкен сүрөтчүлөр го. Алар сүрөттү кенен кенепке тартканды жакшы көрүшөт. Менде Назарбаевдин өмүрүнөн ашкан драмага толтура, күчтүү мындай кенеп болгон эмес”, деп айткан" деп жазган басылма.

“Пандора кагаздарында” Айткен Назарбаев тууралуу китеби үчүн 166 миң фунт стерлинг алганы көрсөтүлгөн. Акча Гонконг менен Британиянын Виргиния аралдары аркылуу экс-министрдин Aitken Consultancy & Research Services Limited компаниясына түшкөн.

Мындан тышкары Айткен АКШда китептин бет ачарын өткөргөнү үчүн да каражат алган. Китеп “Назарбаев жана Казакстанды жаратуу: коммунизмден капитализмге карай” (Nazarbayev and the Making of Kazakhstan: From Communism to Capitalism) деп аталат. Британ саясатчысы өз китебинде Назарбаевди өзөктүк куралдан баш тарткан жана ийгиликтүү экономиканы кура алган лидер катары мактаган.

Соцтармактарда тараган маалыматтарга караганда WorldPR 30 миң фунт стерлингге Айткендин бул китебинен 3000 даана алган. Китеп дүкөндөрүндө болгону 466 экземпляр сатылган. Азизбек

КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости