www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө президенттердин коопсуздугу үчүн атайын арналып чыгарылган автомобилдер бар экени эч кимге жаңылык эмес. Ошентсе да президенттердин жол кырсыгына учурап калган жагдайлары кездешет.

Маселен, Румыниянын президенти Троян Бэсеску Бухарест калаасында жол апаатына кабылат. Эң кызыгы, жеке менчик "Volkswagen Golf" автомашинанын рулунда өзү отурган болуп чыкты. Айдаганга үйрөнүп калган президент "калаа акимчилигинин үйүнө айдап келе жатып, алдындагы "Dacia" автомобилинин кандай токтоп калганын байкабай калыпмын" деген.

Мыйзам алдында баардык адам бирдей. Ошондуктан президент мырза жол полициясына барып, күнөөлүү экенин айтып кол койгон. Ошентип президентке 40 евро айып салып, бир жылга чейин айдоочулук укугунан ажыраткан. Ушундай эле окуяга Словакия президенти Иван Гашпарович да туш келген. Ал "Seat leon" маркасындагы спорттук автомашинасы менен келе жатып, жол кырсыгына учураган.

Деген менен автомашина менен шаар аралаганга болбогондуктан, алыс сапарга чыкканда президенттер учакты көбүрөөк пайдаланышат. Мамлекеттин акчасы кетсе жакшы, жетпесе мурдагы Словения президентине окшоп эл аралык расмий сапарларга автомашина менен барууга туура келмек. Мындан бир аз мурда ушул элдин экс-президенти Янез Дрновшек бюджет тартыш болгондуктан, Испанияга болгон расмий сапарга автомашина менен барган экен.

Бул президент парламенттин эл өкүлдөрү ага атайын акча бөлбөгөндүктөн Нью Йорктогу Буу Ассамблеясына бара турган сапарынан баш тартууга туура келген.

Президенттердин астындагы автомашина кандай болоруна чейин саясатка айландырган элдер бар. Маселен, АКШнын мурунку президенти Билл Клинтонго "Ford" автомобиль компаниясынын башкармалыгы "Merkury Mariner Hybrid" Джиптин "Prezident Editon" жаңы үлгүсүн сыйга тарткан.

Бул автомашинага гибриддүү кыймылдаткыч коюлгандыктан, ал АКШдагы экологиялык таза автомашинасы менен өзгөлөргө үлгү көрсөткөн алгачкы президент болду. Албетте, "экология тазалыгы" атагын андан да мурда ээлеп койгон дагы бир президент бар. Ал Франциянын мурдагы президенти Жак-Ширак. Анын автомобили өсүмдүктөрдөн алынган экологиялык таза био отун менен жүргөн.

Башка элдерге караганда коопсуздук маселесине көбүрөөк назар оодарган Орусия президенттеринин чет элге заказ берип, танк менен атса да ок өтпөгөн мыкты автомобилдерди жасатканын жакшы билебиз.

Ошондой темир тулпарлардын бирин уралдык Артем Неретин дегендин жобосу менен Орусиянын президенти Путин жасаткан. Мындай мыкты автомобиль жасоону Орусиянын эң ири автокомпанияларынын бири колго алып, ага "Путин мо биль" деген атда коюп койгон. Ал автомобиль баардык коопсуздук талаптарына жооп берерин айтпаганда да, мындай автомобилдин бир даанасы 600 миң евpo турарынын өзү көп нерседен кабар берсе керек.

Мындай алып караганда, президенттин коопсуздугун сактоону артык көргөнү айкын болуп турат. Деген менен кайсы улут, кайсы элдин азаматы болсун, өз элинин автозаводунан чыккан автомобилге өзгөчө мамиле жасап, патриоттук сезим менен отурар.

Булак: Азия News гезити

Последние новости