www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчылары деле укташат. Биз тааныган президенттердин уйкучулу эле Касымжомарт Токаев экен. Назарбаевдин назарына түшкөн Токаевди 5-6 жыл уктап, анан Назарбаевдин кызына президенттикти өткөзүп берет деген ой менен мамлекет башына алып келген. Президент болору менен уйкусу чайыттай ачылып, 2022-жылдын январь айындагы башаламандыктан улам Назарбаевдин назарын сындырып келатат.

Сооронбай Жээнбеков жыйындарда куш уйку сала койчу. Ал жыйын өткөзгөндө элдин бары магдырап уйкуга кирчү. Айтмакчы, Жалал-Абадда губернатор Сатыбалдиев баш болуп жыйын убагында коңурук тартып киришкен. Мунусу элге билинип калып, соцтармактарда катуу “дүң” болгон.

Садыр Жапаров үч жарым жыл түрмөдө жатканда уйкунун планын аткарып койгон. Эмне, ал жерде 24 саат бош, анан 50дөй группа түзүп президенттикке “атака” койо баштаган. Мыйзам боюнча түрмөдө жаткандарга  тыюу салынганы менен айласын табат да. Түрмөдө жатып мамлекет башына келген дүйнөдө көп эле болгон. Бирок, ошол жактан соцтармактар менен бийликке чабуул жасаган азырынча Садыр Жапаров эле. Тияктан каалашынча уктаган Садыр Нургожоевич  президент болгону уйкуга канбай жүргөнсүйт.

 Арийне, башка жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге караганда, өтө аз уктап, Владимир Путин Жээнбековго окшоп “Куш уйку” эле сала койот. Путин 1999-жылдын 31-декабрынан Орусияны ооната баштаган, жакында Украинаны муунтууга киришкен Вовка.П. эми  2036-жылга чейин президенттикке жол ачып алгандай. Ал дүйнөлүк саясатчылардын «лөгү», Горбачев сыяктуу мамлекеттин таш-талканын чыгарып, жок кылбады. Ельцинге окшоп бөтөлкөнү кучактап алып, АКШнын алдына жатып берген жок. Серепчилердин айтымында Орусия тарап жок болуу деңгээлине жеткен. Эгер Борис Ельцин Конституциядан тышкары үчүнчү мөөнөткө президенттикке аттана турган болсо, анда Орусия бөлүнүп жок болмок. Ельцин өзү мамлекет башында турганда жаңылып калганын сезип, мураскерин издегенде өтө кылдаат байкаптыр. Акыры өткөн доордун аягында мураскерин издегенде байкап президенттин Иш башкармасындагы  Владимир Путинге басым жасап, ФСБнын жетекчилигине алып келет. Ал эми 1999-жылдын августунда өкмөт башына алып келип, 1999-жылдын 31-декабрында президенттик  милдетин аткаруучу кылып жол ачып берет. 2000-жылы мартта болгон шайлоодо Путин жеңип келет. 2004-жылы экинчи ирет жеңип келет. Ал эми 2008-жылдагы президенттик шайлоодо  Дмитрий Медведев президенттикке шайланып, Владимир Путин өкмөт башына келет. 2012-жылы президенттин мөөнөтү алты жылга узарып Владимир Путин шайлоодо жеңиш менен келет. 2018-жылы экинчи мөөнөткө 2024-жылга чейин кайрадан шайланып келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости