www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тараткан маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Гезит алдыдагы шейшемби күнү жарык көрөт.
“Мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн (техническая спецификация) өз токтому менен бекитиши керек. Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат. Башкача айтканда белгилүү бир убакытты алат. Белгилей кетсек, азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат. Бул президент Садыр Жапаровдун так тапшырмасы”, - деген Аскат Аскат Алагөзов.
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койду.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Бул демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыккан.
Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.
Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg