www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-мартта, Нооруз майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде “Сармерден” маданий иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин директору Чинара Урумкалиева катышты.
Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди каалады. Ал өз сөзүндө улуттук баалуулуктарды сактоо жана аларды жаш муунга жеткирүү маанилүү экенин белгиледи:
«Улуттук маданиятты билген жана урматтаган жаштар - өлкөнүн келечеги», - деди министр.
Майрамдык программанын алкагында кыргыз элинин каада-салттары чагылдырылып, лицейдин окуучулары улуттук ыр-бийлерди тартуулашты. Иш-чара жаш муунга улуттук баалуулуктарды калыптандырууга багытталды.