www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоо: 42 эл аралык байкоочу катталды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйынында 42 эл аралык байкоочуну КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитациялады.

Боршайкомдон билдиришкендей, 21-декабрга карата БШК тарабынан 23 мамлекеттен 15 эл аралык уюмдардын атынан келген 120 эл аралык байкоочуну каттаган:

Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;

Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1;

Молдова БШКсынан – 2;

КМШ ПАА – 34;

КМШ Миссиясы – 4;

Азербайджан БШКсынан – 1;

ЕККУ ДИАУБ – 34;

РФ БШКсынан – 1;

К. Аденауэр атындагы фонд – 1;

КРдагы Япония элчилигинен – 2;

КРдагы РФ элчилигинен – 2;

КРдагы Монголия элчилигинен – 1;

КРдагы Азербайжан элчилигинен – 2;

КРдагы Өзбекстан элчилигинен – 2;

ТТӨКК (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен) – 6 байкоочу.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости