www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйын өткөрдү. Жыйында алдыда боло турчу президенттик шайлоону өткөрүү үчүн бир топ маселелр каралды.
Белгилей кетсек, БШК кезексиз президенттик шайлоого 43 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Маалым болгондой эле байкоочулар 7 мамлекеттин жана 7 эл аралык уюмдун, анын ичинде Молдова менен Азербайжандын БШКларын, ошондой эле КМШ ПААнын өкүлдөрү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шалдабекова белгилегендей, ЕККУ / ДИАУБ миссиясынын өкүлдөрү да мониторинг жүргүзүшөт. Бирок алар азырынча аккредитациядан өтүнө элек.
Бул арада 14-декабрды кошо алганда, шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартылса, анда бул жөнүндө БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде билдирилиши керек.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Булак: NazarNews.kg