www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 14-ноябрда саат 23:59да президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз менен кайрылуу мөөнөтү аяктайт.

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Бүгүн, 13-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 24 адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, арыз менен кайрылды.

Алар:

1. Адахан Мадумаров;

2. Арстанбек Абдылдаев;

3. Кубан Чороев;

4. Назарбек Нышанов;

5. Бектур Асанов;

6. Канат Исаев;

7. Абдыкаар Сыдыков;

8. Сазыкбай Турдумалиев;

9. Нурлан Мотуев;

10. Рашид Тагаев;

11. Жеңишбек Байгуттиев;

12. Клара Сооронкулова;

13. Аймен Касенов;

14. Азамат Эсенбеков;

15. Кубанычбек Кадыров;

16. Садык Шер-Нияз;

17. Урустам Кабылбеков;

18. Ильгиз Товкеев;

19. Бактыбек Калмаматов;

20. Элеонора Турдубекова;

21. Жамбыл Камчиев;

22. Мыктыбек Арстанбек;

23. Токтайым Үмөталиева;

24. Арсланбек Малиев.

Ошондой эле Садыр Жапаров да президенттик шайлоого бара турганын жарыялаган. Бирок ал БШКга арыз менен кайрыла элек.

Белгилей кетсек, 14-декабрга чейин президенттикке талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости