www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүш үчүн бюджеттен 684 миллион 451 миң сом керектелет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Шайлдабекованын айтымында, шайлоо компаниясынын жарымы (ноябрь, декабрь) быйылкы жылга туура келип калгандыктан, 337 миллион сом 2020-жылдагы бюджеттин эсебинен бөлүнүшү керек.
Ошондой эле ал парламенттик жана жергиликтүү кеңештерди шайлоонун эсебинен 200 миллион үнөмдөлгөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам жергиликтүү кеңештерди шайлоо жылдырылган. Анын айтымында, ошондуктан бюджеттен кошумча 137 миллион сом керектелүүдө.
БШКнын төрайымы ушул жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү өтүнүчү менен Финансы министрлигине кайрылганын кошумчалады.
Эгер шайлоонун экинчи туру өтө турган болсо, дагы 137 миллион 290 миң сом керектелет. Ошондуктан болжолдуу сумма 550 миллион сом болуп өзгөрүп, көбөйгөн.
Шайлдабекова 2017-жылкы президенттик шайлоо биринчи турдун жыйынтыгы менен аяктагандыктан, анда да акча үнөмдөлгөнүн билдирди.
Эске салсак, КРде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Азырынча президенттикке 10 адам талапкерлигин койду.
Булак: NazarNews.kg