www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоодо талапкерлердин бирин да колдобой турганын жарыялаган “Вашингтон Пост” гезитине жазылгандардын саны кескин азайган. Улуттук коомдук радионун (National Public Radio (NPR) маалыматы боюнча, гезиттин жарыясынан кийин бир жуманын ичинде 200 миңден ашуун окурман баш тарткан.
Финансылык кыйынчылык менен күрөшүп жаткан гезитке бул катуу сокку болду. Алсак, The Washington Post АКШнын негизги атактуу гезиттеринин арасында New York Times жана Wall Street Journalдан кийин үчүнчү орунда турат. Өткөн жылдын аягында Washington Post гезитине жазылгандардын саны 2,5 миллионго жакын адамды түзгөн, алардын көбү басылманын онлайн окурмандары болгон.
Акыркы он жылдан бери Washington Post Демократиялык партиянын талапкерлерин колдоп келет. Көпчүлүк басылмадан Камала Харристин пайдасына макалалар чыгат деп күтүшкөн, бирок бул жолу гезит тандоону кардарларга калтырган.
"Имиштерге" караганда, президенттикке талапкерлердин эч кимисин колдобой койгону Washington Post гезитинин ээси, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун чечими болушу мүмкүн. Анткени ал гезитти 2013-жылы 250 миллион долларга сатып алган. Андыктан кимди колдойт же колдобойт Жефф Безостун иши.
Чынбы окурман!