www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышты.
Иш-чарага ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылар, жогорку даражалуу адамдар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө басым жасады.
Бул контекстте Президент сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, калдыктарды экологиялык жактан таза чогултуу системасын түзүү жана жаратылыш ландшафттарынын булганышын алдын алуу сыяктуу стратегиялык багыттарга токтолду.
Президент Бишкектин бул жааттагы олуттуу тажрыйбасына токтолуп, өткөн жылдын аягында Борбор Азиядагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү биринчи эко-технологиялык заводдун ачылышы болгонун белгиледи.
Мамлекет башчысы форумдун катышуучуларын WUF13 алкагында өтүп жаткан Urban Expo көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын көргөзмө павильонунда бул долбоор менен кененирээк таанышууга чакырды.
Мындан тышкары, форумдун алкагында Президент Садыр Жапаров менен Маврикийдин Президенти Дхарамбир Гокхулдун сүйлөшүүлөрү болду.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтты.
Өз кезегинде Дхарамбир Гокхул эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоонун зарылдыгын баса белгиледи.