www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов комага түшкөнүн жазып чыгышкан.

Өз кезегинде өлкөнүн Москвадагы элчилиги бул маалыматты четке какты. РИА Новости дипломатиялык миссиядагы булактарына таянуу менен билдиргендей, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ден соолугунун начарлашы тууралуу бир катар маалымат каражаттары такыр ишенүүгө татыктуу эмес жана чындыкка дал келбейт.

Белгиленгендей, Бердымухамедов кечээ, 20 -сентябрда видеоконференция өткөрдү. "Кечээ президент Гурбангулы Бердымухамедов министрлер кабинетинин санарип системасы боюнча кеңейтилген жыйынын өткөрүп, анда мамлекеттик турмуштун актуалдуу маселелери талкууланды жана бир катар документтердин долбоорлору каралды", - деп билдирди Москвадагы элчилик. Элчилик ошондой эле Түркмөнстандын президенти катышкан акыркы окуялар тууралуу маалыматты turkmenistan.gov.tm сайтынан тапса болорун белгиледи.

Эске сала кетсек, жакында Түркмөнстандын президенти Өзбекстанга келери күтүлүүдө. Буга чейин Түркмөнстандын президенти каза болгон жана бул жашыруун деген расмий эмес маалыматтар болгон. Бирок кийинчерээк Гурбангулы Бердымухамедов "Алтын Асыр" телеканалына чыккан.

Фаррухжон Муродкулов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости