www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин катчысы Ширшов боюнча билдирүү таратты

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Алексей Ширшов боюнча айрым тактоолорду киргизди.

"Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган", - деп билдирди Султанбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров үй камагына чыккан Алексей Ширшов боюнча үн катып, ал тууралуу элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берген.

Эске салсак, Кыргызстандын энергетика тармагында "серый кардинал" атыккан, "Дастан" трансулуттук корпорациясынын жетекчиси Алексей Ширшов 10-майда, кармалып, ал эми кечкурун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

УКМКнын билдирүүсүндө ал коррупцияга шектелип "Аврора плюс" эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталган. Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес-өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталган.

УКМК кылмыш аракеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын кызматкерлерине акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде "Аврора плюс" эс алуу борборунан мүлк берилгени далилденген деп билдирген. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости