www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрү болду.
Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алган. Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу менен экс-спикер көрсөтүлгөн. Жетекчиси болуп Жаркынбек Сагындыков жазылган.
Президенттин администрациясы “Берекет банк” жана ага мамлекет башчынын уулунун байланышы боюнча комментарий бере элек.