www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакка президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова партиялардын бирин каржылап, шайлоого таасир этүү аракетин көрүп жатат деген маалымат тарады. Бул жалган маалымат, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

«Биз мамлекет башчысынын туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге аралашуусу боюнча позициясын бир нече жолу белгилеп келгенбиз. Дагы бир жолу кайталайм, президент жакын туугандарынын эч кимисине саясий процесстерге аралашып жана аларга таасир этүүгө жол бербейт», - деди Султанбаев.

Буга чейин интернетте Садыр Жапаровдун жакын туугандары шайлоого кийлигишип жатканы тууралуу маалымат талкууга алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости