www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу ушак тараткан адамдар четинен кармала башталганын «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак-жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалган.  

Кечээ Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары менен блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра башташкан. Алардын көбү #duryalan («токто, жалган») деген хештэг менен билдирүүлөрдү жазып, президентке өмүр тилеп, жалган маалымат тараткандарга каргыш айтышкан. 

Эскерте кетсек, 21-июлда оппозициячыл «Эркин Түркмөнстан» ютуб-каналы өлкөнүн баш калаасындагы өз кабарчыларына шилтеме кылып, мамлекет башчы 20-июлда каза болгонун билдирген.

Президент эл алдына акыркы жолу 5-июлда чыккан. 15-июлда анын басма сөз кызматы президент эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, мамлекет башчынын неберелери менен ойноп жатканы тартылган видеону тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости