www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык Закирова Айгуль Демократовна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн жаңы дайындалган Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын облус активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Илимбек Жумагулов тааныштырды.
Айгуль Закирова буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызматын аркалап келген.