www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Каба уулу Кожомул атындагы Спорт ордосу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Болот Сагынаев спорт сарайынын оор абалы тууралуу маселени көтөрдү. Ал Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиевге кайрылып, эмне үчүн көптөгөн спорттук имараттар оңдолуп, жаңылары курулуп жатканын, ал эми Спорт сарайы авариялык абалда экенин сурады.

«Олимпиадалык стандартта бассейн Спорт ордосунда эле жайгашкан. Мекеме өзүнө-өзү каржы алып келе тургандай кылып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, мончосун иштетип, футбол талаасын жасап койсо. Абалын өзүңүздөр көрүп турасыздар», — деди депутат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Спорт ордосунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

"Аталган маселе боюнча мэрия менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Президент Садыр Жапаров бул боюнча тапшырма берген. Азыр планга кирип жатат. Буюрса, жакынкы арада баштап калабыз",- деди Молдажиев.

Последние новости