www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан ишкердик субъекттеринин жана чет өлкөлүк инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, инвестициялык долбоорлорду колдоого жана илгерилетүүгө жасалма көмөк көрсөтүүсү үчүн өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, бөгөт коюлду.
Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, жыйынтыгында өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун ишенимине кирип, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга КР президентинин жакын туугандары тарабынан максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө убада берген Ч.Ж.Н. аттуу жаран аныкталган. Бул үчүн ал колдоочу делгендерге өткөрүп берүү үчүн 10 миңден 20 миң АКШ долларына чейин акча талап кылган.
Ошол эле учурда Ч.Ж.Н. ар кандай шылтоолор менен же формалдуу негиздер боюнча жеке бизнес-долбоорлордун атын жамынып, бир нече жолугушууларды андан ары ишке ашырбастан уюштурган. Белгилей кетүүчү нерсе, демилгеленген инвестициялык долбоорлор жеке адамдардын эмес, мамлекеттин компетенциясына кирет.
Иш жүзүндө Ч.Ж.Н. алган акчалардын баарын жеке муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн сактап, ал эми инвесторлорго мамлекетке зыян келтирүү менен, алардын кызыкчылыктарын андан ары лоббирлөөгө кепилдик берилген.
2025-жылдын 18-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ч.Ж.Н. кезектеги жолугушууну уюштуруу үчүн 7 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.
КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда Ч.Ж.Н.нын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жапа чеккен иштин бардык жагдайларын, башка тиешеси бар адамдарды жана башка инвесторлорду аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМК өлкөнүн инвестициялык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эске салып, мындай аракеттер чет элдик инвесторлордун арасында терс пикирди калыптандырууга гана шарт түзбөстөн, мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугуна жана өлкөнүн эл аралык имиджине олуттуу зыян келтирерин белгилейт.
Ушул сыяктуу фактылардан жапа чеккен жарандар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү 0312 62-05-85 номуруна кайрылса болот.