www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жардамчысынын унаасына ок атылды

Киев облусунда белгисиз адамдар президент Владимир Зеленскийдин жардамчысы бараткан машинени аткылашты. Сергей Шефир өзү жабыркаган жок, айдоочусу жарадар болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Украинанын улуттук полициясынын басма сөз кызматы кол салуу шаршембиде эртең менен саат 10:00дөрдө Лесники деген айылдын жанында болгонун билдирди. Машинеге 10 ок атылган, жеринде тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Ок чыгаргандар изделүүдө.

Парламенттин коопсуздук комитетинин төрага орун басары айдоочуга үч ок тийгенин «Интерфакс» маалымат агенттигине айтты.

Ал эми украин ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко машинени токойдон аткылашканын Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, учурда Украинанын президенти Зеленский өзү БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркто жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости