www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда укук коргоо органдары «Нахш» алтын кен компаниясынын башчысы, тажик президенти Эмомали Рахмондун жээни Амриддин Нахшовго бейбаштык, анын шериктерине–турак жай кол тийбестигин бузуу айыбын тагышты.

Нахшовду коштогон бир нече киши 16-майда «Фароз» компаниясы менен келишимдик негизде иштеп жаткан «Мину Фарм» компаниясынын кызматкерлерине кол салган.Тергөө органдары мушташтан ондой киши жабыркаганын, алардын төртөө бычактан жаракат алганын кабарлашкан. Жабырлануучулардын арасында чайыр чөптү чогултуу үчүн келишим түзүүгө келген төрт ооган жараны да болгон. Окуя компания ижарага алган кызматкерлердин биринин үйүндө болгону, эки тараптан жыйырмадай адам катышканы айтылган.

Ушул тапта мушташтын катышуучулары камакта, президенттин жээни Амриддин Нахшов күнөөсүн мойнуна алып, кийинчерээк Дангара райондук ички иштер бөлүмүнө келген.

Тажикстанда «Бейбаштык» беренесинде айып пул төлөө же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, «Мину Фарм» компаниясынын башчысы Сайед Гиёсов Амриддин Нахшовго чайыр өскөн жер тилкесин берүүдөн баш тарткан соң чыр чыккан. Сайед Гиёсовду курсакка жана бутуна төрт жолу бычак менен сайышкан.

Амриддин Нахшов Тажикстан президентинин аялынын жээни. Ал мурун банкта иштеген, учурда алтын өндүрүүчү «Нахш» кенин жетектейт.

«Мину Фарм» компаниясы Тажикстанда чайыр чогултууга уруксат алган бирден бир компания. Бул ишкананын тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык мурдагы Фароз» компаниясы менен байланышы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости