www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупционерлер камалбай эле, коррупциянын бетин ачып, профсоюздун былыгын чубагандарга атака башталды. Же чындыкты айткандарды камап салса эле, коррупциялык схемалар билинбей, мыйзамсыз иштер ачыкка чыкпай калат деп ойлошобу?

Дегенибиз, бүгүн профсоюздун мыйзамсыз иштерин айтып берип, ал тармактагы коррупциялык системага каршы турган Самарбек Кучуковду УКМКга суракка чакырып, камайбыз деген аракеттер болуп жатканы боюнча маалымат желдей тарады.

Эгер коррупцияны жок кылабыз, түп тамыранан бери кыркабыз десе, анда чындык деп чыркырагандарды коргоп, коррупциялык иштерге аралашкандарды жазаласак жакшы болмок.

Анткени, баары бир шибегени капка ката албайсың. Анткени, шибеге бүгүн болбосо эртең капты тешип чыгат. Тагыраагы, шибеге капта катылганын жашырсаң да баары бир билинип калат. УКМКны адаштырып, Самарбек Айдарканович Кучуковду каматып, ишти камырдан кыл сууругандай бүткөрөм дегендер да кылтакка иленет. Чындык баары бир чыгат.

Последние новости