www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупция, судьяга пара берүү аракети жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан Франциянын экс-президенти Николя Саркозини прокуратура төрт жылга эркинен ажыратууну талап кылды (анын ичинен эки жыл шарттуу түрдө).
Маалыматка ылайык, соттук өндүрүш 2020-жылдын ноябрь айынын аягында башталган. Ал Саркози президенттик кызматта туруп, Бетанкурдун кайрымдуулук иштери боюнча тергөө иштеринин жүрүшүнө таасир этүүгө аракеттенген деген шектенүүлөргө байланыштуу. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2014-жылы тергөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат алуу үчүн Кассацион сотунун алдындагы прокурор Жильбер Азиберге Монаккого жаңы кызматка отургузуу боюнча сунуш киргизген.
Бул арада Саркози өзү коюлган айыптарды четке кагууда. Аны менен бирге анын жактоочусу Тьерри Герцог жана Гилберт Азибер дагы бар. Прокуратура анын жактоочусун да, прокурорду да төрт жылга эркинен ажыратууну суранып жатат.
Эске салсак, Николя Саркози Франциянын 23-президенти, ал 2007-2012-жылдары мамлекет башчы болгон.
Булак: NazarNews.kg