www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн дары-дармек жана башка гуманитардык жардамды Саламаттык сактоо министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Посольство КР в Пакистане направило в Кыргызстан гуманитарную помощь в виде медикаментов и СИЗ для борьбы с распространением коронавирусной инфекции в КР

Маалыматта гумжардам Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин, премьер-министрдин, Тышкы иштер министрлигинин көрсөтмөлөрүнүн алкагында топтолгону белгиленген.

“Салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармек жана медициналык буюмдар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.

Посольство КР в Пакистане направило в Кыргызстан гуманитарную помощь в виде медикаментов и СИЗ для борьбы с распространением коронавирусной инфекции в КР

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Educational Advisor компаниясына Пакистандан Кыргызстанга жүк жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле элчиликтин Пакистандагы Лахор университетиндеги өнөктөштөрүнө, “Брукс”, “Хербион”, “B4U” тобуна гуманитардык жүктөрдү чогултуудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Элчилик COVID вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берери белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости