www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Түркия бийлиги менен кызматташтыкты сактоо үчүн «Хизмет» кыймылын же «Гүленчилерди» бийлик жакка жакын жолотпошубуз керек. Азырынча бийликте убактылуу министрлер иштеп жаткандыктан, Билим берүү министрлигин Алмазбек Бейшеналиев деген «гүленчи» жетектеп турат. Ал балдарды окутуп койду эле Чүй облусунун Байтик айылындагы интернаттардын биринде балдардын массалык уулануусу катталды. Ар кандай курактагы 23 бала жабыр тартышкан: 8 жаштан 20 жашка чейинки курактагылар. Алар 3-балдар ооруканасына жеткирилген.
"Гүленчинин" министр болушу Түркия менен мамилелердин кескин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Тыюу салынган диний, экстремисттик жана террордук уюмдардын тизмеси мындай:
"Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;
"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары табылган;
"Күрт элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына кирген;
"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;
"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп саналган;
"Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;
"Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;
"Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
"Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;
"Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
"Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;
"Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;
Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
"Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;
"Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;
"Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;
"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;
"Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg