www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин экс-жетекчиси Юруслан Тойчубеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Бишкектеги офисинде жүргөнү белгилүү болду. Муну тастыктаган сүрөттү «Мегаком» компаниясынын жетекчисине жакында эле кеңешчи болгон Жапаровдун активдүү колдоочусу Төрөхан Жунусбеков Facebook баракчасына жарыялады.
Тойчубеков коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектелип, ага Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон «Райдер Ассошиэйтс Лимитедге» мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. салык түшпөй калган.
Эми мамлекетке бери дегенде 31 млн. сом зыян алып келген экс-чиновник президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун штабынан «табылды». Укук коргоо органдары бул боюнча үн катабы?
Булак: NazarNews.kg