www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы баасы 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакча жергиликтүү акционердик коом тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан 17 миллион 568 миң сомдук балдар бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Мүлктү алуу райондук прокуратура тарабынан ишке ашырылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл органынын текшерүү учурунда 28 жыл мурда мыйзамсыз иш болгону ачыкталган.

"Эки кабаттуу имарат 0,42 гектар жер тилкеси менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде "Ж.Ш." акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган", — деп айтылат маалыматта

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде кыймылсыз мүлк жер аянты менен бирге муниципалдык бийликтин карамагына өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости