www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышкан. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышкандыгы аныкталган. Жалал-Абад областынын Токтогул райондук ИИБинин айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын мыйзамга каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан", — деп айтылган аталган органдын тараткан маалыматында.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты.
Булак: NazarNews.kg