www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Японияда укук коргоо кызматкерлери психиатр менен анын кызынын үйүнөн адамдын башын табышкан. Бул тууралуу Kyodo агенттиги билдирди.
Окуя Хоккайдо аралында болгон. Сөөк ушул аймакта жашаган Руна аттуу аялдын иши боюнча издөө иштеринин алкагында табылган. Жапон аял жабырлануучуга карата ырайымсыз аракеттерди жасаган деп шектелүүдө.
Далилдерди экспертизага жөнөтүү пландалууда. Ошол эле маалда буга чейин адамдын жансыз денеси табылып, экспертиза дайындалган. Ал геморрагиялык шоктон улам каза болгон.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, башы менен денеси 62 жаштагы Хитоши Урага таандык. Ал 2-июлда Саппоро аймагындагы интимдик жолугушуулар үчүн мейманканадан табылган. Жумушчулар ал кишинин түшкө чейин бөлмөсүн тапшырбаганын байкап, бөлмөгө жөнөшкөн.
Кийинчерээк полиция бир адамдын өмүрүн алган деп шектелген Хитошинин таанышы Рунаны табууга жетишкен. Аны менен бирге ошол күнү кызын алып кеткен делген атасын да кармай алышкан.
Булак: NazarNews.kg