www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду.
Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин “Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Ошондой эле, Фонд 2018-жылы 50 орундуу заманбап турак жай имаратын куруп берген.
Статс-катчы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме – туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.
Бүгүнкү күндө мекемеде 207 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт.
Булак: NazarNews.kg