www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Африкада орус тилин үйрөтүүчү мектептерди ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал 27-июлда Орусия-Африка экономикалык жана гуманитардык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Анын пикиринде, орус тилин үйрөнүү жана Орусияда жогорку билим берүү стандарттарын киргизүү мындан аркы өз ара пайдалуу тең укуктуу кызматташтык үчүн мыкты негиз түзөт.
«Кийинки жылы орус тилинин эл аралык уюму өз ишин баштоосу керек, ага алар орус тилин сүйгөн жана колдонууну каалаган, орус маданиятын сүйгөн жана кызыккан бардык өлкөлөр кирүүгө ачык болот. Биз африкалык өнөктөштөрдү бул ишке кошулууга чакырабыз. Африканын 28 өлкөсүндө мектепке чейинки, башталгыч жана орто мектептерде мугалимдерди жана тарбиячыларды окутуу үчүн ачык билим берүү борборлорун түзүү долбоору ишке ашырыла баштады. Бул үчүн биз африкалык студенттерди Орусиянын педагогикалык университеттерине кабыл алууну олуттуу түрдө көбөйтүүнү пландап жатабыз», - деди президент.
Орус лидеринин айтымында, Орусияда Африкадан келген дээрлик 35 миң студент билим алат жана алардын саны тынымсыз өсүүдө.
Путин Орусия Африка өлкөлөрүнө жогорку гана эмес, орто билим берүүнү да өнүктүрүүгө жардам берерин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 27-28-июль күндөрү Санкт-Петербург шаарында экинчи Орусия-Африка өнөктөштүк саммити жана форуму өтүүдө.
Булак: NazarNews.kg